super.kg logo

Кыргызстанда бала бакчага болгон ачык электрондук кезек системи даярдалууда

 

Мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги акча жыйноону жоюу боюнча сунуштар кирүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда SUPER.KG порталына билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.  

“Бала бакчаларда балдарды орноштурууда акча жыйноо боюнча нормативдүү укуктук актыларды киргизүүнү пландоодобуз. Аны менен бирге мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жеке жоопкерчиликтерин да күчөтөбүз. Айрым бала бакчаларда жалпы нормаларга карабастан, акча алуу менен балдарды кабыл ала беришет. Учурда эч ким өзгөртө албаган ачык электрондук кезек системинин үстүндө иштеп жатабыз”,- дейт К.Садыков.

Аталган системдин алкагында 1 жашка толгон балдар бала бакчага каттоого алынмакчы. Ал бала 3-4 жашка чыккыча бала бакчага кезеги келип, ал автоматтык түрдө ал жакка орноштурулмакчы.

“Аталган систем алкагында министрлик бала бакчага кезекке канча бала турат, канчасы бала бакчага барып жаткандыгы тууралуу толук маалымат алууга шарт түзүлөт”,- деп кошумчалайт министр.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
15.05.2014. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ohsondoy bolso jakshı bolot ele molodsı oyunar ıshke ashsın anda dagı kıkender bırdeke oylop tabat go vzyatka aluu uchun
16.05.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары бир го, мен кичүү уулумду департаментке кезекке төрөлгөндө эле тургузуп, 3 кө чыкканда тизме менен өтпөй калып, зав. акча берип киргизгем. Зав.өзүлөрү барып, ал тизмеден каалаганын алат экен да (сүйлөшүп койгонун), калганына орун жок деп коет экен, аны өзү ачык эле айткан, түз эле мага кире бербейт белең деп...
16.05.2014. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми дагы боюмда бар, электрондук тизмесин да көрөйүнчү, бирге чыкканда эмес, 1-2 айында эле тургузуш керек, кезекке, менимче...Антпесем 1-уулум үчүн 5 миң, 2-уулум үчүн 8 миң бердим, бул декретте отурган аялга көп эле акча...ал эми ставка жылдан жылга өсүүдө...

Тем более мен мамлекеттик кызматкермин, а башкалар кантет, билбейм...
mem77 түзөттү 16.05.2014 09:45
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: