super.kg logo
  Спорт  

Орусиянын футбол боюнча биринчилигин москвалык ЦСКА утуп алды

 
ЦСКА футболдук клубу СССР ыдырагандан кийин түзүлгөн Премьер лиганы 5-ирет утуп алды.
ЦСКАнын дарбазачысы Игорь Акинфеев жана "Локомотивдин" жарым коргоочусу Александр Самедов...
"Локомотивдин" коргоочуларынын катасынан пайдаланып, жеңиш голун киргизген Зоран Тошич...
ЦСКА өткөн жылы уткан чемпиондук наамын коргоп калды.

Футбол боюнча Орусия Премьер-игасын москвалык ЦСКА футболдук клубу утуп алды. Бул тууралуу кечээ, 15-майда орусиялык басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, биринчиликтин 15-майда орун алган 30-тур оюндарында ЦСКА дагы бир москвалык клуб “Локомотив” менен беттеш өткөрүп, 1:0 эсебинде утуп алды. Жеңиш алып келген жалгыз голду сербиялык жарым коргоочу Зоран Тошич киргизди. Сезондо 10-ирет катары менен жеңишке жетишкен клубдун топтогон упайларынын саны 64кө жетти.

Мелдеш жадыбалында 2-орунду 63 упай топтоо менен “Зенит” ээлесе, 59 упай топтогон “Локомотив” 3-орунду ээледи.

Ушуну менен ЦСКА Орусия Премьер-лигасында 5-ирет чемпион аталды (чемпион болгон жылдар: 2003, 2005, 2006, 2013, 2014)

Мелдештин башкы бомбардири дал ушул клубдун чабуулчусу Сейду Думбия болду. Анын эсебинде 18 гол бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: