Кыргызстанда көп балалуу 628 эне Эне даңкы төш белгиси менен сыйланат
Кыргызстанда Энелер күнүнө карата 6 жана андан көп бала тарбиялаган 628 эне Эне даңкы төш белгиси менен сыйланат. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда КРнын Президентинин аппаратынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-майда президент Алмазбек Атамбаев “Көп балалуу энелерди Эне даңкы төш белгиси менен сыйлоо” тууралуу жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, төш белги Бишкекте жашаган 18 көп балалуу энеге, Баткен облусу боюнча 125 энеге, Жалал-Абад облусу боюнча 99 энеге, Нарын облусунан 58 энеге, Ош шаары боюнча 68, Ош облусунан 40, Талас облусунан 87 энеге, Чүй облусунан 29 энеге, ал эми Ысык-Көл облусу боюнча 104 энеге Эне даңкы төш белгиси ыйгарылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.