super.kg logo
  Саясат  

Нарын мамлекеттик университетинин айрым факультеттерин жабуу демилгесине жергиликтүү тургундар нааразы

 

Нарын мамлекеттик университетинде учурда 5 миңдей студент билим алууда. Муну депутат Майрамкүл Тиленчиева 15-майда "Парламент" радиосундагы түз байланышта айтты. Айтымында, аталган окуу жайда Түркия жана Кореядан келип окуп жатышкан 40-50дөй студент бар.

"Билим берүү министрлиги Нарын мамлекеттик университетинин айрым факультеттеринин лицензияларын кайра чакыртып алуу маселесин көтөрүп жатыптыр. Бул окутуучулар менен студенттерди гана эмес, жергиликтүү тургундарды да тынчсыздандырууда. Муну парламенттин тармактык комитети менен биргеликте тактоого алабыз",- дейт депутат.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жакында аталган окуу жайда өткөн "Ааламдашуу шартында региондорду өнүктүрүү жолдору" аттуу конференцияга катышышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: