super.kg logo

Октябрь райондук администрациясы Энелер күнүнө карата 82 энени куттуктайт

 
Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясы аймактын энелерин Энелер күнү менен куттуктайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда уюштуруу бөлүмүнүн адиси Гулиза Ташбекова билдирди.

“Октябрь району боюнча 82 Баатыр эне катталган. Анын ичинен 62си Эне даңкы жана Баатыр эне төш белгилери менен сыйлангандар, 16сы көп балалуу энелер, 3өө үч эм төрөгөн эне, 1өө төрт эм төрөгөн эне”, - дейт Г.Ташбекова.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чара бүгүн калаадагы ресторандардын биринде өтөт. Энелер үчүн атайын концерттик программа жана майрамдык түштөнүү уюштурулат. Ошондой эле райондун администрациясынын башчысы Камалдин Токтосартов ар бир энеге 1000 сомдон акча жана чакан белек тапшырмакчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: