Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункту кайрадан ишке кирди
Бүгүн, 16-майда кыргыз-казак чек арасындагы
"Каркыра" өткөрүү пункту ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара
кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, "Каркыра" өткөрүү пункту октябрь айынан баштап майга чейин жабылып турган.
Учурда аталган өткөрүү пункту кайрадан ишке кирип, октябрь айына чейин саат 08:30дан саат 18:30га чейин иштемекчи. "Каркыра" өткөрүү пункту Ысык-Көл облусунун Түп районунда орун алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.