super.kg logo
  Саясат  

"Мектептерди китеп менен камсыз кылуу системи криминал жыттанып жатат" дейт депутат Осмоналиев

 

"Кыргызстанда орто мектептерди китеп менен камсыз кылуу системи криминал жыттанып жатат". Муну бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев басма сөз жыйында билдирди.

Айтымында, мектептерди китеп менен камсыз кылуу боюнча бөлүнгөн акчалар туура эмес пайдаланылып жатат.

Өкмөт республика боюнча окуучуларды китеп менен камсыз кылуу үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктан 16,5 миллион доллар, Азия өнүктүрүү банкынан 15 миллион доллар кредиттик насыя алган. Бирок ал акчалардын дайыны жок. Мындан бир нече ай мурун 1-класстардын математика китебин чыгаруу боюнча тендер уюштурулган. Ал тендерди Армениянын жараны утуп алыптыр. Анын жеке менчик басмаканасы бар экен. Бирок өкүнүчтүүсү ал китеп Армениядан чыгарылып жатканында болуп жатат. Салыгы да, башкасы да ошол мамлекетке которулат”,- дейт Осмоналиев.

Депутат бул маселе боюнча Башкы прокуратурага арыз менен кайрыла турганын айтты.

“Мунун артында кимдир бирөө бар болушу мүмкүн. Мен бул тууралуу жакында прокуратурага арыз бергени жатам”, - деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: