Шашылыш билдирүү: 19-23-майдагы жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн
			
			Бүгүн, 16-майда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы шашылыш билдирүү таратты. Белгилүү болгондой, 19-23-май күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү
жаан-чачынга байланыштуу республиканын  тоолуу жана тоо
этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда
суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. 
			
			
			
			
				
			
						
				
					
									
				
								Автор: Айпери Ганыжан кызы
												 
			
	
	Ал эми "Кыргызгидрометтин" расмий сайтынын маалыматына ылайык, 19-майда республиканын айрым жерлеринде, 20-22-майда КРнын көпчүлүк аймактарында нөшөрлүү жамгыр жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге чейин жетет. 
20-22-май күндөрү өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы +15°С болсо, тоолуу райондордо 0°Сге чейин төмөндөйт. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 
Ошондой эле түнкүсүн Кемин, Талас өрөөндөрүндө, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында айрым жерлерде абанын температурасы 0°Сге барабар болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. 
Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге жана жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу. 
 Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
				 16:54
				 2025-11-04  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			
				 15:14
				 2025-11-04  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			
				 
				 
				 
				Рейтинг: 
 -1 
		
		
     		
 -1 
		Комментарийлер(3)
 
	
		
			byityshka		
		
			
		
	
	
			
		
	
				16.05.2014. 16:45 
					
			
	Тайпасы:
			
		Комментарийлердин саны:
			
		Катталган:
			01-01-1970
		Соӊку аракети:
			01-01-1970 00:00
		Жынысы:
			Белгисиз
		
			0
					
	
		
			Туй ата, анан мом жемиштер кайра кымбат болот экен (((((			
		
			
		
			realliver		
		
			
		
	
	
			
		
	
				16.05.2014. 16:57 
					
			
	Тайпасы:
			
		Комментарийлердин саны:
			
		Катталган:
			01-01-1970
		Соӊку аракети:
			01-01-1970 00:00
		Жынысы:
			Белгисиз
		
			0
					
	
		
			0 gradus degeni chatak eken. Birok noshorluu jamgyr azyr bizge ayabai kerek bolup jatat. Arpa menen buudai jyrgap kalat ele. Toodogu choptun dagy osushuno jardamy tiymek			
		
			
		
			Bayjigit83		
		
			
		
	
	
			
		
	
				17.05.2014. 19:06 
					
			
	Тайпасы:
			
		Комментарийлердин саны:
			
		Катталган:
			01-01-1970
		Соӊку аракети:
			01-01-1970 00:00
		Жынысы:
			Белгисиз
		
			+1
					
	
		
			Кудайым берекелуу жана пайдалуу жамгырлардан кылган болсун ылайым!			
		
			1  | 							
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
				
	
	
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 













