super.kg logo

Бишкекте бирдиктүү салык декларациясы боюнча интернет-ресурс ишке кирди

 
Бишкекте бүгүн, 16-майда бирдиктүү салык декларациясы боюнча интернет-ресурс ишке кирип, бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган интернет-ресурсуна салык декларациясын тапшыруу боюнча маалыматтар жайгаштырылат. Сайтта физикалык жак категориясы жана жеке ишкерлер үчүн салык декларациясынын үлгүсүн толтурууга мүмкүндүк бар.

Ошондой эле аталган сайтта электрондук эсептегич жайгаштырылган. Салык толтуруучу андагы тиркемелердин эсептөөлөрүн автоматтык түрдө толтурууга мүмкүндүк алат.

Маалыматта белгиленгендей, кирешелерди мыйзамдаштыруу боюнча кампаниянын мөөнөтү 2014-жылдын 1-июлуна дейре узартылган. Кирешелер жана мүлк тууралуу декларациялык маалымат 2013-жыл үчүн жарандардын бирдиктүү салык декларациясын түзүп, көрсөтүүгө негиз болот.

Веб-баракча КРнын МСК жана Экономика министрлигинин буйрутмасы боюнча республика коомчулугун жалпы салык декларациясына даярдоо иретинде иштелип чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: