Америка. Пайквилл шаарында бели жамбаштан ылдый түшкөн шым кийүүгө тыюу салынды

Америкадагы Пайквилл шаарында жамбаштан ылдый түшкөн шым кийүүгө тыюу салынды. Мындай мыйзам аталган шаар башчылыгы тарабынан кабыл алынды. Эми мындай моданын артынан куугандар мыйзамдын негизинде 25-50 долларга чейин айып төлөшөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Автор: Дамира Арстанова
Маалыматка ылайык, кимдин шымынын бели жамбаш булчуңдарынан 7 сантиметр ылдый түшүп турса, жазага тартылат. Бийликтегилер "жарым жылаңач кийинүү жана ич кийимдин көрүнүп жүрүшү айланадагыларды сыйлабагандыкка жатат" деп эсептешет. Аны менен катар "Бели жамбаштан ылдый түшкөн шымды кийип жүрүү өтө опурталдуу, шыпырылып кетип чалынып жыгылса эмне болот?" дешүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
9

мим
канчалык шым ылдый түшүп турса ошончолук каалап турганын түшүндүрөт деп жүргөнүн окудум эле.