super.kg logo

"Тамашоунун" 6-сезонунда "Nо name" командасы чемпион аталды (фоторепортаж)

 
Бүгүн, 18-майда Бишкектин Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Тамашоу" Лигасынын 6-сезонун финалы өтүүдө. Анда буга чейин мыкты оюндары менен эң күчтүү деп табылган 6 команда кубок үчүн таймашышты.   
Бүгүнкү жыйынтыктоочу оюнда командалар "Фристайл", "Ким тапан?", "Музыкалык тапшырма", "Видеотапшырма" жана "Капитандар сынагы" тапшырмалары боюнча күч сынашты. 
Командалардын өнөрлөрүнө КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, эстрада ырчысы Урмат Усенов, SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова, ырчы Омар, юрист Жоомарт Жолдошев жана спортчу Кумар Жалиевдер баа беришти. 

Финалдын жыйынтыгы боюнча "Элестет" курама командасы 6-орунга ээ болду. Ал эми "Бишкек" курама командасы 5-орунду, "Кыргыз Двор" 4-орунду ээлешсе, "NutsТан" курама командасы 3-орунду ээлеп, калыстар тобунун атынан 4 миң сом менен сыйланды. "Позитифф" курама командасы 2-орунга ээ болуу менен бирге калыстар тобу тарабынан 8 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. 

"Жеңилүүнүн кайгысын билген, жеңиштин даамын сезе билет" деген сыңары, 2009-жылдан бери татыктуу оюн көргөзүп келе жаткан Ош шаарынан келген "Nо name" курама командасы 6-сезондун чемпиону аталды. 1-орунга татыктуу болгон команда финалда мыкты тамашалары менен ар бир көрүүчүнүн жүрөгүнөн орун алууга жетишти. Алар "Тамашоу" Лигасынын 6-сезонунун кубогун, калыстардын атынан 10 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Ошондой эле "Тамашоунун" демөөрчүлөрүнүн атынан Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо,  акчалай сыйлык жана ноутбук сыяктуу белектерди алышты. 

"Nо name" курама командасынын капитаны Мурат Жалиев кубанычы менен бөлүшүп: "Тамашоуго" 2009-жылдан бери катышып келе жатабыз. Даярдык жакшы деңгээлде болгон. Мына, жеңишке да жетип отурабыз. Мындан ары биздин жолубузду шакирттерибиз улайт. Оштон таланттуу балдарды тандап алып, капитандыкты өткөрүп бердим",- деди.

"Тамашоу" долбоору элге мыкты тамашаларды гана тартуулап тим болбостон, өлкөнүн атын чыгарган командаларды тарбиялап чыгарууда. Анда такшалып жаткан улан-кыздар кыргыз элине бир гана күлкү тартуулабастан, таамай айтылган тамашалары менен коомдогу терс көрүнүштөрдү чымчып өтүшүп, аң-сезимин ойготууга салым кошуп келишет. Аталган долбоор кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошуу менен бирге өлкөдөгү таланттуу жаштардын, анын ичинде студенттер, окуучулардын башын бириктирип келет. 

Ийгиликти багындырып келе жаткан долбоор тууралуу "Тамашоунун" негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев таланттуу жаштарды колдоо керектигин баса белгилеп, буларга токтолду: "Долбоор 2008-жылдан бери иштеп келе жатат. Башкы максатыбыз - кыргыз тилин өнүктүрүү жана таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүү. Бүгүнкү оюн жакшы деңгээлде өттү деп ойлойм. Башкысы, 6-сезондун чемпиондугун алуу үчүн "Nо name" татыктуу оюн көргөздү. Ошондой эле алардын долбоор менен коштошуусу да сыйга татыйт. Жигиттер мындан ары да кыргыз эли сыймыктанган атуулдардан болуп каларына ишенем".

"Тамашоу" Лигасынын оюндарына балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын келгени долбоордун артыкчылыктарынын бири экени шексиз. "Биз колдон келишинче жардам көрсөтүп, кайрымдуулук кылганга аракет кылабыз. Буга чейин 9-Май - Жеңиш күнүндө ардагерлерди куттуктап, концерт берип келгенбиз. Мындан сырткары оюндарга балдар үйүнүн тарбиялануучуларын да чакырабыз. Буга жүйөлүү себеп бар десем болот. Балдар - биздин келечегибиз. Биз аларга жашоону жакшы жактан көрсөтүп, жагымдуу маанай тартуулоо менен айрымдарынын таланттарын элге көрсөтүүгө шарт түзүп бере алабыз. Өлкө боюнча бардык балдар үйүндөгүлөрдү чакырууга аракет кылдык. Бишкек шаарына жакын жайгашкан интернаттардан, Ысык-Көл, Чүй облусунан келип кетишти. Алыскы аймактардан да чакырдык. Баарын алып келүүгө мүмкүнчүлүк бар болгону менен, алардын коопсуздугуна жоопкерчиликти алыш керек экен. Мындан улам алыскы райондорго күйөрмандар азырынча келе албай жатышат",- деди Эрмек Нурбаев. 

Азыркы тапта "Тамашоунун" оюнчуларын телевидение жаатында, кино индустриясында көрүүгө болот. Аларга "Тамашоу" пайдубал болуп калганы сүйүндүрбөй койбойт. Келечектен көптү үмүттөндүргөн өнөрлүү жаштардын өсүп-өнүгүүсүнө өбөлгө болгон долбоор аркылуу таанылган командалардын катышуучулары бүгүнкү күндө бийиктиктерди багындырышууда. Оюнчулардагы энергия, алдыга умтулуусу жана азыркы таптагы жараткан ийгиликтерине өз учурунда "Тамашоудогу" ийгиликтер стимул болуп калганы айтпаса да белгилүү. Чоң үй-бүлөгө айланган балдарды элге жагымдуу маанай тартуулоо жана максат коё билүү сапаттары бириктирип келет.

"Каалоосу, максаты бар жаштарга "команда түзүп катыша бер" деп мүмкүнчүлүк беребиз. Эч кандай акча бермей же тааныш-билиш деген бизде жок. Каалоо-тилек менен келген жаштар гана максат коюп, ага жете алышат. Мындан сырткары ич ара тартипти сактаганы дурус. Албетте, адамгерчиликтүү болушу керек. Ошону менен катар "жылдыз оорусу" менен оорубаса, баары жакшы болот",- деди "Тамашоунун" негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев.

Кыргыз тилдүү, күлкүгө бай, келечектен көптү үмүттөндүргөн "Тамашоу" мектеби талантка бай элдин жаштарына колдоо көрсөтүп, мындан ары да ийгиликти багынта берет деген ишеничтебиз. Чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн КВНге да катышып, өлкөнүн намысын коргойт деген үмүт, сыймыктануу сезими ар бир кыргыздын жүрөгүндө жашайт. Жыл сайын шайыр тапкычтарды уясынан учуруп жатканы, алдыга умтулган жаштарды чогултуп, элге жакшы маанай тартуулап жатканы "Тамашоунун" келечеги мындан да кең экенинен кабар берет.






"Тамашоунун" 6-сезонунда "Nо name" чемпион болду!

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(124)
SUPER.KG видео
20.05.2014. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сууупер суупер абдан кубандым ......но неким чындыгында татыктуу.....Алга Тамашоу Алга Кыргызстан....
SUPER.KG видео
20.05.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар
SUPER.KG видео
21.05.2014. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар акыры алышты татыкту команда!
SUPER.KG видео
21.05.2014. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар жигиттер алга!
SUPER.KG видео
21.05.2014. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соонун болгонго.Эми толук версиясын Санжар Калматайдан кутуп калабызбы?
SUPER.KG видео
21.05.2014. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ura! Champion No name. Azamatsynar! Ar bir tamashasy kupulga tolot bulardyn. Altynchy sezon boiuncha mykty tamawalardy tartuulady elge. Baldar- baldar OSH.
SUPER.KG видео
21.05.2014. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодцы коптон бери энсегениние жетишиптир браво. Ал эми толугу менен качан коро алабыз?
SUPER.KG видео
21.05.2014. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
10 000 аз эмиспи))
SUPER.KG видео
21.05.2014. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар бирок икрам корунбойтко
SUPER.KG видео
21.05.2014. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар татыкту жениш болду ийгилик силерге!!!
SUPER.KG видео
21.05.2014. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
5 сезондо моникага тартып жендирген но нейм алыш керек эле
Модератор admin_superstan түзөттү 21.05.2014 09:52
SUPER.KG видео
21.05.2014. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
No name утканынар жакшы бирок Баткен жонундо тамашанар мага эмес элдерге да жакпадыгооо
SUPER.KG видео
21.05.2014. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урааааа Балдар, балдар Ош)))) Ийгилик Оштун азаматтары
SUPER.KG видео
21.05.2014. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Но мэймдин кандай экенин 6-сезондун ачылында корбодунорбу? Ошол жерде айтпадыбы бир судья омой? 'Эгер Но Нэймдин мындай выступать этээрин билгенде эч кимге 7 деген бал которбойт элем'-деп.
Модератор admin_superstan түзөттү 21.05.2014 09:55
SUPER.KG видео
21.05.2014. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
No name башта эле чемпион болуш керек эле.Азаматтар,мындан ары да чон ийгилик
SUPER.KG видео
21.05.2014. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эн сонун. Азаматтар м
биздин тилек оорундалды. Оштуктар алга.
Модератор admin_superstan түзөттү 23.05.2014 10:09
SUPER.KG видео
21.05.2014. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Толугу менен "Кинозал" бөлүмүнө жүктөп коюуга аракет кылабыз.
SUPER.KG видео
21.05.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
6 жылдан бери жарышып биринчиликти багындыра албай келишкен болчу акыры жетишиптир да жакшы картая элегинде утушуптур
SUPER.KG видео
21.05.2014. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iiii Joomart Joldowevdi oolllllooo suiom!!!! yigilik sizge!!!!
TAMASHOWCHULAR AYAMATTAR!!!!!!!
SUPER.KG видео
21.05.2014. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толук версиясын каяктан корсок болот
SUPER.KG видео
21.05.2014. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар ! ! ! Толугу менен " Кинозал " болумуно жуктоп коюууга аракет кылабыз , деп атышат го . Кайра -кайра , сурай бересинерби тообо ? ! super.kg ыраазычылык силерге , силер бар мезгилден артта калбай журобуз алыста !
SUPER.KG видео
21.05.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куттуктайм но нейм!!.Аябай шайыр балдар.
SUPER.KG видео
21.05.2014. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ryzhak, cын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
SUPER.KG видео
21.05.2014. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
No name molodsy davnoo bolyw kerek ele bylar 4empion iwengem bolywyna jakwy iygilik myndan ary da Mura, Kadyr kyttyktaym dostor.
SUPER.KG видео
21.05.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай соонуп оюн болгон го. Толук чыгарылышын кутобуз. No name женишинер кут болсун. Ишенгем силердин женееринерге. Мындан ары да ийгилик. Эрбек Нурбаевга да чон ыраазычылык. Элдин алкышына татыт журо бериниздер.
SUPER.KG видео
21.05.2014. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыры женишти аллагамин мерте рахмат...
SUPER.KG видео
21.05.2014. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кут болсун кубогунуздар! ушунча жыл кутуп кубокту алышканга 3 Эмил байке келбеген го же мен корбодумбу?! кубокту алышты, тамашоуну таштаганы окундурот куйормандарын!
SUPER.KG видео
21.05.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азаматтар...татыктуу!!!!!!!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
21.05.2014. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jenish kuttuu bolsun,5 jil kutkon kun kelip akir tubu ee boldunar azamatsinar sabirdin tubu sari altin degendey sabir kilip jurup uttunar.Azamatsinar en bashkisi Tamashounun Atasi Nurbaevge raazichilik aytuu kerek talanttardi tatiktuu tarbiyalagani uchun
SUPER.KG видео
21.05.2014. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мурунку кок формасына коно тушуптурмун, жаны кызыл формасы анча жарашпайт экен. Ошентсе да молодцы! Бул кубокко Икрам Кадыр Мураттын эмгеги зор! Кулдук уруп журуп акыры алышты!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: