super.kg logo

Ноокат районунда Энелер күнү кызуу белгиленди

 

Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан "Сахабо" эс алуу жайында аким Бекболот Айтиевдин демилгеси менен Энелер күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага жалпысынан 600дөн ашуун эне чакырылган. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын билим берүү бөлүмүнүн басма сөз катчысы Зайнабидин Мамасадыков билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чараны ачып жатып сөз сүйлөгөн Бекболот Айтиев "энелер - үйдүн куту, энелер мээримдүүлүк менен кечиримдүүлүктүн, кайраттуулук менен сабырдуулуктун, абийирдүүлүк менен намыстуулуктун символу, жер бетинде кандай гана баатырлар жаралбасын, алардын баары эненин ак сүтүн эмген адамдар" деп баса белгиледи. Куттуктоо сөзгө чыккан мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары да энелердин улуулугун баса белгилеп, энелерге баалуу белектерин беришти. Майрамдык иш-чара түрдүү оюн-зооктор, "Ыр кесе" жана концерттик программалар менен коштолду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: