Бишкекте отунканадан өрт чыгып, жанаша жайгашкан эки кабаттуу турак үйдүн сырты күйүп кетти





Кечээ, 18-майда саат 21:00 чамасында Бишкектин Ленин районунун Линейная көчөсүндөгү турак үйлөрдүн бириндеги отунканадан өрт чыгып, жанаша жайгашкан эки кабаттуу турак үйдүн сырты күйүп кетти. Кырсыктын кесепетинен жаракат алгандар болгон жок.
Өрттү өчүрүүдө коңшу үйлөрдүн тургундары да жардамга келишти. 20 мүнөт өткөн соң Өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери келип, өрттү толук өчүрүштү. Үй ээсинин айтымында, өрт гаражга жанаша жайгашкан отунканада пайда болгон. “Өрт бат эле гараждын чатырына өтүп кетти. Андан соң 2 кабаттуу турак үйүбүздүн сыртына өттү”,- деди үй ээси.
КРнын ӨКМнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кырсыктын себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:36
2025-07-28
11:07
2025-07-28

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Bexa9595

19.05.2014. 10:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уйу орттонгондор бутуна тез туруп кетет дп уккам,мейли эмнеси болсо да оздору аман калыптыр,,
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.