Талас. Өзгөрүш айылында жол кырсыгы катталды
Талас ОИИБнин басма сөз кызматынын ага инспектору Максат Абдысеитов билдиргендей, 2013-жылдын 8-январь күнү саат 17:00 чамасында Ак-Дөбө айылынын Макеев Ү. аттуу тургуну өзүнүн ВАЗ-2109 үлгүсүндөгү автоунаасы менен Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун чакырымынан Өзгөрүш айылынан рулду башкара албай жолдун сол тилкесине чыгып, карама-каршы багытта келе жаткан Миң-Булак айылынын тургуну Донбаев Керимбектин Фольксваген-3 үлгүсүндөгү автоунаасы менен кагылышкан.
Натыйжада жүргүнчүлөр: Белек уулу Акжол башынан жаракат алса, Сатыкова Шайыр баш мээси чайкалып, төш сөөгү жанчылган. Ал эми Макеев Ү. баш мээси чайкалган деген диагноз менен облустук биргелешкен ооруканага жаткырылды.
Автор: Нургүл Чабдарова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















