Ош шаарында Энелер күнүнө карата 245 энеге Баатыр эне ордени тапшырылды




Бүгүн, 19-майда Ош шаарынын мэриясынын имаратында Энелер күнүнө карата иш-чара өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов жана вице-мэр Ильич Эргешов катышты.
Иш-чарага шаардан 400дөн ашуун эне чакырылып, шаар башчысы тарабынан 500 сом өлчөмүндө акчалар берилди. Ошондой эле алар үчүн концерттик программа тартууланды.
Ош шаардык мэриясынын кадр маселеси боюнча башкы адиси Масуда Айдарбекованын берген маалыматы боюнча, бул жылы Ош шаарынын аймагында жашаган 245 энеге Баатыр эне ордени тапшырылса, 68 эне Эне даңкы медалына татыктуу болушкан.
Эске салсак, 2013-жылы 64 энеге Баатыр эне ордени, ал эми 5 энеге Эне даңкы медалы тапшырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Altyn10076

19.05.2014. 13:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка областарг да бердиби же оштон ашкан жокпу.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.