super.kg logo

Кочкор районунун Ак-Жар айылында мектеп жарактан чыгып, балдар чатырларда окуп жатышат

 
“Мектеп 2007-жылы курулган, бирок тез эле жарактан чыгып, авариялык абалга келип калган. Имараттын ичинде сабак өтүү мүмкүн болбой калгандыктан, төртүнчү чейректи чатырларда баштайлы деген чечимге келгенбиз. 31-марттан баштап ӨКМ бөлүп берген чатырларда сабак өтүүдөбүз. Бийликтерге бир нече ирет кайрылганбыз, бирок маселе чечилбеген бойдон калууда”,- деп арманын төгөт Ак-Жар орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Сулайманкулова.
Тышынан караганда Ак-Жар айылынын орто мектебинин имараты мыкты, заманбап көрүнөт, бирок ичине баш багып киргенде 15 мүнөт да чыдагыс. Ичинде өлгөн кептерлердин чирип жаткан тарптарынан улам жагымсыз жыт өкүм сүрүп турат. Мугалимдер жамааты айтып бергендей, мектеп 2007-жылкы жер титирөөдөн кийин заманбап технологиялар менен курулган. Бирок курулуш учурундагы катачылыктарданбы же сапатсыз аткарылган иштердин айынанбы, айтор, дубалдарында боштуктар пайда болуп, аларга, шашылыш бүткөрүлгөн чатырдан көгүчкөндөн кирип, кулап түшүп өлүп, бөлмөлөрдүн ичи тарпка толуп калыптыр. Ал эми сэндвич-панелдердин өздөрү жагымсыз жыт бөлүп чыгарып, курулуш материалдары урап түшүп, чаң жайылтат экен.

Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы 400дөй мектеп окуучусу чатырларда окууга аргасыз. 2007-жылы жер титирөөдөн кийин салынган жаңы мектептин имараты жараксыз болуп калган. Мектептин ичи бузулуп, чатырдан көгүчкөндөр кулап, ичинен өлүп, жагымсыз жыт чыгып турат. 

Аталган мектептин көйгөйү Жогорку Кеңештин “Өнүгүү” депутаттык тобунун мүчөлөрү Бакыт Төрөбаев, Тынчтык Шайназаров жана Мирлан Бакиров Кочкор шаарына иш сапары менен келип, жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда орчундуу маселеге айланган. Жергиликтүү тургундардын бири депутаттардан Ак-Жар айылына барып келүүнү суранды. Ал бир нече кайрылуулардан кийин да аткаруу бийлик өкүлдөрү айылга келишпегенин кошумчалады. 

“Мектеп курулгандан кийин тез эле жарактан чыгып, авариялык абалга келип калган. Имараттын ичинде сабак өтүү мүмкүн болбой калгандыктан, төртүнчү чейректи чатырларда баштайлы деген чечимге келгенбиз. 31-марттан баштап ӨКМ бөлүп берген чатырларда сабак өтүүдөбүз”,- деди Айнагүл Сулайманкулова.

Мектептеги окуучулардын так саны – 387. Мектеп долбоору “революциялык” болуп, анда эмнегедир жылытуу системи каралган эмес.

“Чоңдорго нечен ирет кайрылганбыз, бирок эч кандай майнап чыкпай, маселе чечилбей келет. Мектептин имаратында күн ысыкта ысык болот, суукта – суук. Ичинде вентиляция жок. 4-5 сабак болгондо окуучулар менен мугалимдер суусап, мурундары канайт”,- деп кошумчалады Сулайманкулова.

Жогорку Кеңештин “Өнүгүү” депутаттык тобунун мүчөлөрү мектептин абалын көрүп нес болушканын айтышты. “Ичинде 15 мүнөт туруп, ушундай жагымсыз жытка мен чыдабай жатам. Сэндвич панель менен салыныптыр, "тышы жалтырак, ичи калтырак" деген дал ушул учурга туура келген кыргыздын сөзү. 60ка жакын бала ооруп, башы ооруп жыгылып калган учурлар болгон экен. Бул айыл масштабындагы эпидемия. Ушунчалык зээним кейип турат. Ушинтип да мамлекеттин каражатын сарптайбы, ушинтип да алдашабы куруучулар? Сөз жок. Ушуну кылган кишилер – мамлекеттин душмандары. Санузел, жылытуу системи жок экен. Бул маселени биз, “Өнүгүү” депутаттык тобу көтөрөбүз, керек болсо комиссия түзүп да алып келебиз. 21-кылымда чатырда окуган – уят!”- деди Жогорку Кеңештин “Өнүгүү” депутаттык тобунун депутаты Мирлан Бакиров.

“Жумшак сөз менен айтканда, өкүнүчтүү. Орусча айтканда, шок. Башында курулган санузел иштебептир. Бул мектеп болбой эле көгүчкөндөрдүн көрүстөнү болуп калыптыр. Бул – ужас! Башкы прокуратура кылмыш ишин козгошу керек. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартып, мүлкүн алып, сатып, ошого мектеп салып бериш керек”,- деди депутат Тынчтык Шайназаров.

Мугалимдердин айтымында, мектептин имаратын “Хан Теңири” аттуу фирма курган, долбоордун жалпы наркы 49 миллион сомду түзгөн.  

Ак-Жар айылынын орто мектебин көрүп чыгар замат “Өнүгүү” депутаттык тобунун лидери Бакыт Төрөбаев ӨКМга жылуу чатырларды алып келүүгө көрсөтмө берди. Ал мектеп имаратынын тегерегиндеги иликтөө иштерин тездетүү негизги максат экенин айтты. "Күнөөлүүлөрдү жазага тартып, жаңы, Нарын облусунун аба ырайына ылайыктуу мектеп салдырып берүү абзел",- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: