super.kg logo

Кыргызстанда акыркы 18 жыл аралыгында ВИЧ инфекциясынан 965 адам каза тапкан

 

Республикалык “СПИД” борборунун билдирүүсү боюнча, 1996-жылдан 2014-жылга чейинки аралыкта ВИЧ инфекциясынан 965 адам каза тапса, анын ичинен 310 адам СПИД стадиясында көз жумган. Бул тууралуу бүгүн, 

19-майда БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 1-майына карата Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы менен 5337 адам катталган. Анын ичинен 5150 адам Кыргызстандын жараны.

“Жыл сайын май айынын 3-жекшембисинде аталган илдеттен каза тапкандар эскерилет. Эскерүү күнү алгачкы жолу 1983-жылы Сан-Франциско шаарында өткөн. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассоциациясынын билдирүүсүнө караганда, дүйнө жүзү боюнча ВИЧ илдети менен 42 миллиондон ашуун адам жабыркайт. Бирок анын саны күн санап өсүүдө”,- деп белгилейт өкүлчүлүктөн.

ВИЧ инфекциясына чалдыккандардын көпчүлүгү 30 жаш чамасындагылар. Акыркы 25 жыл ичинде СПИДден 25 миллион адам каза тапканы маалым. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: