“Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча бир нече версия бар” дейт ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатывалдиев

“Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча бир нече версия бар. Бирок тергөө амалдарынын кызыкчылыгы үчүн биз аларды жарыялай албайбыз”,- деп айтты бүгүн, 19-майда кеңейтилген маалымат жыйынында КРнын Ички иштер министринин башчысынын орун басары Калыбек Сатывалдиев.
“Эмнеге тергөө амалдары абдан жай жүрүп жатат?” деген журналисттердин суроосуна ал: “Тергөө амалдары өз ылдамдыгы менен жүрүп жатат. Айрым тергөөлөр жыл бою өтөт. Эскерте кетсем, Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча тергөө иштери 8 ай жүргөн”,- деп жооп берди.
Анын айтымында, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча ИИМдин мыкты тергөөчүлөрү иштеп жатышат.
Белгилей кетсек, 2014-жылдын 27-мартында КРнын ИИМинин Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчиси Максат Абдыкулов жакынкы күндөрдө Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн бети ачыларын билдирген.
Эске салсак, Камила 10-мартта Бишкектин Достук кичи районундагы үйүнөн курбуларына жолугуу үчүн Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилиши тарапка жөнөп кеткен боюнча дайынсыз болгон. Курбулары чалганда аз убакыттын ичинде жолугушуу белгиленген жерге жетип барарын айткан. Бирок белгиленген жерге жеткен эмес. 6 күндөн кийин анын жансыз денеси Байтик айылындагы мүрзөдөн алыс эмес жерден табылган.










1 |