super.kg logo
  Саясат  

Талас. Облуста салык чогултуу боюнча 2012-жылдын планы 101,8 пайызга аткарылды

 
 КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн каржы саясаты боюнча жетектөөчү адиси Казыбек Медетбековдун билдирүүсүндө, алдын ала эсептөөлөр боюнча Талас облусунда 2013-жылдын 1-январына карата мамлекеттик бюджетке 345 миллион 273,7 миң сомдук салык төлөмдөрү түшүп, план 101,8 пайызга аткарылган. Башкача айтканда, 6,1 миллион сомдук салык жана башка төлөмдөр пландан ашыкча бюджетке түшкөн. Анын ичинен 2012-жылдын ичинде жергиликтүү бюджетке 142 миллион 551,6 миң сомдук салык төлөмдөрү түшүп, план 106,9 пайызга аткарылган. Ал эми 2012-жылдын декабрь айынын ичинде эле мамлекеттик бюджетке 36 миллион 541,9 миң сомдук салык төлөмдөрү түшүп, план 106,9 пайызга аткарылса, анын ичинен жергиликтүү бюджетке 11 миллион 694,8 миң сомдук салык төлөмдөрү түшүп, план 167,6 пайызга аткарылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: