Херардо Мартино “Барселонанын” машыктыруучу кызматынан кетти
“Барселона” футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Херардо Мартино 17-май күнү Испания чемпиондугунун 38-тур оюндарынын алкагында мадриддик “Атлетико” менен болгон тең чыгуудан кийин клуб менен келишимди бузгандыгын жар салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, “Барселона” бул оюнда тең чыкканына карабай топтогон упайлардын жетишсиздигинен улам чемпиондук күрөштү уттуруп жиберди. “Мен жыл сайын максималдуу тапшырмалар менен иштеген клубдун ишенимин актай алган жокмун”,- дейт адис.
Кошумчалай кетсек, Херардо Мартино аталган клубдун башкы машыктыруучулук кызматына 2013-жылы дайындалган. Каталондук клуб менен ал Испаниянын Суперкубогун гана уткан. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.