super.kg logo

Медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жаатында болгон кемчиликтердин саны 22 пайызга көбөйдү 

 

Медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жаатында болгон кемчиликтердин саны 2014-жылдын 1-кварталы менен былтыркы жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 22 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 1-кварталында врач-эксперттер тарабынан амбулатордук оорулуулардын 10,4 миң медициналык картасына экспертиза жүргүзүлгөн, бул 2013-жылдын 1-кварталына караганда 12,6 пайызга көп (9,1 миң), бул поликлиникалык тейлөөнүн жалпы санынын 0,5 пайызын түздү.

2014-жылдын 1-кварталында дефект болгон карталардын саны 2585ти түздү, бул 2013-жылдын 1-кварталына караганда 31,4 пайызга көп (1774).

Ал эми баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө толук кандуу жардам көрсөтүлгөн эмес деп 3743 учур аныкталды, бул 2013-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 22,8 пайызга көп (2888). Текшерүүдөгү кемчиликтердин саны 715ке жетти же 19,1 пайызды түздү. Дарылоодогу кемчиликтер 1737 учур же 46,4 пайыз. Диспансеризациялоодогу кемчиликтердин саны – 429 же 11,5 пайызды түзүүдө, ооруканага жаткырууга негизсиз жолдомолор – 90 учур же 2,4 пайызды түздү.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.05.2014. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
текшерууну дагы кучотуш к-к.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: