Кадамжайда сел жүрдү
Кадамжайда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 19-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 18-майда саат түнкү он экилерге жакын Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Ормош айылында жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, сел Ормош айылынын ички чарбалык жолунун 250 метр аралыгын шилендилерге толтурган. Учурда жол калыбына келтирилүүдө. Ал эми жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:20
2025-07-26
20:13
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.