Чүй районунда 43 жаштагы айымды зордуктоого аракет кылган жаран кармалды
Чүй районунда зордуктоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-майда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Чүй айылынын 43 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал 15-май күнү саат 19:30 чамасында Шамил аттуу чала тааныш адам мас абалында күч колдонуп, зордуктоого аракет кылган. Ага каршылык көрсөтүү учурунда арыздануучу денесинен жараат алган. Учурда кылмышка шектүү катары 40 жаштагы М.Ш. аттуу жаран кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:20
2025-07-26
20:13
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.