Өлкө ичиндеги 22 оорукананы оңдоого грант түрүндө 11 миллион доллар бөлүнөт
Бишкекте бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Эл
аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишимди
жактырды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин басма сөз
кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, аталган келишимдин негизинде Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын колдоо жана Кыргызстандагы 22 оорукананын имаратын оңдоо үчүн 11 миллион долларлык грант бөлөт. Бул каражат өлкөдөгү эне жана баланын саламаттыгын чыңдоого жана ооруканалардын имараттарын оңдоо иштерине жумшалмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.