Кыргызстанда биринчи жолу шаардык мэриялар арасында спартакиада өтөт
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен жай айларында Кыргызстанда биринчи жолу шаардык мэриялардын кызматкерлеринин арасында спартакиада өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда аталган агенттиктен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, дене тарбия жана спорт тармагын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында жайылтууга багытталган спартакиада 2 баскыч менен өткөрүлөт. Ага республикалык маанидеги шаарлар Бишкек жана Ош мэриялары катыша алышпайт.
Уландар жана кыз-келиндер катыша турган спартакиаданын программасына армрестлинг, волейбол, гиря көтөрүү спорту, жеңил атлетика, кичи футбол, стол үстүндө ойнолуучу теннис, аркан тартыш, стритбол жана тогуз коргоол сыяктуу спорт түрлөрү киргизилген. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.