super.kg logo

Ош технологиялык университетинде III аймактык студенттик олимпиада өттү

 

17-майда Ош технологиялык университетинде аймактык студенттердин олимпиадасы өттү. Маалым болгондой, аталган иш-чаранын уюштуруу жана өткөрүү милдеттерин университет өз жоопкерчилигине алган. Анда окуу жайдын башкы корпусунун алдында ачылыш аземи болуп, ага жалпысынан студенттер, ар бир окуу жайдын жетекчилери жана окутуучулар катышышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Ага Кыргызстандын түштүгүндөгү тогуз жогорку окуу жайдын студенттери катышышты. Жалпысынан студенттик олимпиада 34 предметтен 56 багыт боюнча өткөрүлүп, 900гө жакын студент күч сынашты. Ал эми уюштуруу тобу олимпиадага келген студенттерди окуу жайдын материалдык-техникалык базалары менен тааныштыруу үчүн түшкү тыныгуу убагында экскурсия уюштуруп, окуу жай тууралуу кенен маалыматтарды беришти. 

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө дипломдор жана белектер тапшырылып, жалпысынан эң мыкты катышкан 56 студентке, 3-орунду алган 56 студентке, 2-орунду алган 56 студентке, 1-орунду алган 56 студентке дипломдор жана белектер берилди.

Айта кетсек, 2015-жылы боло турган IV аймактык студенттердин олимпиадасын өткөрүү эстафетасы Ош мамлекеттик социалдык университетине тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: