super.kg logo
  Саясат  

Баткен. Депутаттыкка талапкерлер Баткен райондук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басарынын аракеттерин сынга алышууда

 
"Супер-Инфо" гезитинин Баткен облусу боюнча кеңсесине Баткен райондук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Алтынай Мажилимованын таза иштебей жаткандыгы тууралуу кайрылуу түштү. Анда төраганын орун басары депутаттыкка талапкер болуп келген адамдарга жеткиликтүү маалымат бербей, этиканы сактабагандыгы, өз укук-милдеттерин так билбей тургандыгы айтылат. Анан да анын жолдошу Алижан Мажилимов жана кайниси Олжобай Мажилимовдор КСДПдан депутаттыкка талапкер болуп киргендигине байланыштуу, ал партияны тизмеге биринчилерден кылып жазган. “Биз өзүбүздү депутаттыкка талапкерликке коёбуз. Кандай аракеттерди кылышыбыз керек деп, ошол боюнча маалымат алганы бардык. Ал бизге маалымат берүүнүн ордуна орой мамиле кылып, "менин башымды оорутпагыла" деп айтты”,- деди Дара айыл өкмөтүнөн депутаттыкка талапкерлер Ырысбай Балтабаев жана Сайпидин Дыйканов.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: