super.kg logo

Канн фестивалында кыргыз режиссёру Айгүл Баканованын тасмасы көрсөтүлдү

 

15-майда Эл аралык Канн фестивалында "Nordic Factory" (“Түштүк фабрика”) долбоорунун алкагында тартылган кыргыз режиссёру Айгүл Баканованын жана Милад Аламинин “VOID” тасмасы көрсөтүлдү.  

Канндык режиссёрлордун эки жумалыгы "Nordic Factory" долбоорунун катышуучуларына 4 кыска метраждуу фильм тартууну сунуштаган. Анда Дания, Финляндия, Улуу Британия, Франция, Аргентина жана Кыргызстандан барган 8 кинематографист сценарийдин автору жана режиссёру катары көрсөтүлүп, алар 4 чыгармачыл тандемге бөлүнүшкөн. Ал эми Айгүл Баканова даниялык режиссёр Милад Алами менен иштешкен.

Фильм кемеде жана Борнхольм аралынын Даниядагы Кеге портунда тартылган. Тасманын башкы каармандары Ларс Миккельсен (“Шерлок”) жана Дар Салим (“Игра престолов”) ойношкон. Бул тууралуу КРнын Кинематографисттер өнүктүрүү фондунан бүгүн, 19-майда билдиришти.

Айгүл Баканова Лондондогу режиссёрлор факультетинин магистратура бөлүмүн аяктаган. Анын дипломдук иши - “Жамгыр” аттуу тасмасы 30 эл аралык кинофестивалдын сынактык программаларына катышкан. Өткөн жылы ал Париждеги Канн кинофестивалынын резиденциясына чакырылып, ошол жерде 5 ай бою “Каар” аталыштагы толук метраждуу дебюттук сценарийинин үстүндө иштеген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
19.05.2014. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wooooow Eng jakwy jetishkendik, Kyrgyz Eli Duinoluk dengeelge chygaly...
20.05.2014. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгиликтерди каалайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: