super.kg logo

Австралия. Төрөттөн улам чарчап калган уулун тирилтип алган эненин баяны 

 
Кейт менен Дейвид Огг
Кейт эгиздери менен
Бактылуу ата-эненин балдары менен берген алгачкы маеги

Австралиянын эң ири шаары Сиднейде 27 жаштагы Кейт Огг ай-күнүнө жетпей эгиз бала төрөгөн. Төрөт оор болгондуктан, эгиздин түгөйү клиникалык өлүм (дем алуусу менен кан айлануусу токтоого чейин барган өтө терең, бирок жашоо органдарынын иш-аракети кайра кайтарыла турган абал) абалында төрөлгөн. Дарыгерлер "төрөт оор өттү, биз уулуңарды сактай алган жокпуз, аны менен коштошуп алыңыздар" деп ымыркайды ата-энесине беришкен. Андан кийинки окуяны керемет деп атасак да жарашчудай. Жансыз уулунун денесин бооруна кыскан эне аны менен 2 саат бою сүйлөшүп жатып тирилтип алган. Бул тууралуу өткөн аптада чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта белгиленгендей, Кейт бир уул, бир кыздуу болгон. Эгиздин түгөйү эркек баласы (атын Жейми деп аташкан) клиникалык өлүм менен төрөлгөн. Дарыгерлер "ымыркай чарчап калды" деп жыйынтык чыгарган соң, бала ата-энесине берилген. Дарыгерлер ата-эненин ыйын, ызы-чуусун күтүшкөн, бирок Кейт ыйлабастан, баласын таптап “сенин карындашың Эмилинин абалы жакшы, биз сага кабатыр болуп жатабыз...” деп ар кайсы нерселерди айтып 2 сааттан ашуун убакыт жансыз ымыркайына сүйлөп берген.

Кейт “уулум дем алды” деп дарыгерлерге айтканда алар “бул жөн гана рефлекс, сабыр кылыңыз” деп коюшкан.    

“Жейми өлүү төрөлдү дегенде аргасыздан үмүтүбүздү үзүп койгонбуз. Аны менен коштошордо биз аны жакшы көрөрүбүздү жана аны жоготуу бизге өтө оор болгонун, анын муздак денесин кучактап, биздин жылуулугубузду жана болгон сүйүүбүздү билдиргибиз келди. Кейт "көйнөгүңдү чечип, уулуңа жакын бол, биз аны жылытабыз" деди. Ошентип, бир нече мүнөттүк коштошуу 2 сааттан ашуун убакытка созулду. Уулубуз көзүн ачканда көргөн көзүбүзгө ишенбей, "ал биз менен коштошууга көзүн ачты" деп жашыбызды тыя алган жокпуз. Бирок уулубуз көзүн ачып, жадакалса манжамды кысып, башын чайкап “мен бармын” дегенсиди”,- дейт эгиздердин атасы Дейвид Огг.  

Ымыркай жасаган кыймыл-аракеттер секунда сайын күч алып, ага жан кирген. Көргөн көзүнө ишенбеген ата-эне дарыгерди чакырганда ал келбей, эки-үч жолу чакырып, “Өлүк бала да ушинтип кыймылдайбы, бизге түшүндүрүп бергиле?” дегенде гана ал жетип келип, көргөн көзүнө ишенбей, таң калган. Учурда Жейми менен Эмили 5 айга толуп, ата-энесинин бактысы толуп турган чагы.  






Төрөттөн улам чарчап калган уулун тирилтип алган эненин баяны

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(27)
Медиа-портал
19.05.2014. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mothers love make miracles...
19.05.2014. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
аий мынча жакшы мындай нерсе жомокто гана болот деп ойлочумун балдарынын омурун берсин
19.05.2014. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
алланын керемети бул да болсо алланын мээрими.
19.05.2014. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллах омурун берсин
19.05.2014. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чынында тан калыштуу окуя экен Алланын керемети мээримдуулугу менен жаны кайтып келген баланын омуру узун бактылуу болушсун .
19.05.2014. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аллахка мактоолор болсун. Жараткан уул, кызынын омурун берсин.
19.05.2014. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кудайдын керемети.... Жаратканга данктоолор болсун.....оомин.!
19.05.2014. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай да болобу бирок интернеттен ушуга окшош видео коргон елем.
19.05.2014. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алланын ата энесине берген белеги болуптур, кайра тороптур да байкуш энеси омур берсин эгиздерге
19.05.2014. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынакей сага керемет...
19.05.2014. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундай жакшы окуялардан коп-коп жазып тургулачы, окуп алып аябай кубандым.
19.05.2014. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алланын бергени да . Омурун берсин бактылуу болушсун.
20.05.2014. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бардык кереметтердин ээси жалгыз гана АЛЛАХ. АЛЛАХКА чексиз шугурлор жана мактоолор болсун. АЛЛАХЫМ энеге ырайым кылган жана врачтарга аян кылган. Медицина канчаалык дээнгелде онукпосун бирок баарыбыз ЖАРАТКАНДЫН алдында алсыз экенибизди ушундан да билсек болот.
20.05.2014. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайга мин мертебе Шугур...Алланын кереметин кор...
20.05.2014. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
иии бактылуулуктун бир узуму деп ушуну айтса болот эми мындан кийинки жашоосу жалан сонун коз ирмемдер менен коштолсун!
20.05.2014. 06:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай гана керемет! Эгиздердин омуру узун болсун!
20.05.2014. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омурлуу болушсун ата энесинин бактысына!
20.05.2014. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах кандай гана Мээримдуу...
20.05.2014. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахтын керемети Ата Эненин Мээрими
20.05.2014. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эненин мээримин)))сонун. Эне ыйык деген ушу да!!Өмүрлүү болушсун!
20.05.2014. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахтын боорукердиги, мээримдуулугу!.
21.05.2014. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахыма чексиз мактоолор болсун
22.05.2014. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эне баланын коштошуусу,апасынын терен мээрими себеп болуп,Улук Аллахтын ырайымдуулугун,мээримдуулугун,кереметтулугун белгилептир!!!Бактылуу болгула бобоктор!!!
22.05.2014. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омуру менен ата-энеси менен болсун. кудайым колдогон турбайбы пендесин.
22.05.2014. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тан калыштуу Аллахтын керемети ) Омурлуу болушсун!
22.05.2014. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ма Ша Аллах!!! Кудайым бар деген ушу! Эн негизгиси ишениш керек.....
31.03.2015. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тан калычтуу эгиздердин омуру узун болсун.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-04-01 11:41:56
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: