super.kg logo

Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин СИЗОдо отурган туугандарын бошотуу талабы менен Бишкекте пикет өтүүдө

 

Бишкекте бүгүн, 20-майда Жумгалдагы "Кара-Кече" кенинде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин туугандары пикетке чыгышты. Алардын негизги талабы СИЗОдо күнөөсүз жаткан 13 тууганын бошотуу болуп саналат. Пикеттин катышуучусу Калыназар Сыдыкбековдун айтымында, маркумдун тергөө абагына алынган туугандарынын Бишкекке алынып келгенине 1 ай болгон. Пикетке 15 адам келди. 

Эске салсак, Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары 20-февралда болгон сот отурумунда жаңжал чыгарышкан. Анда айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерин көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр ыргытылып, залда өрт чыккан. Натыйжада бир милиция кызматкери катуу сабалып, күйүк алган. Экинчисин милиция кызматкерлери аман алып калышкан. Үчүнчүсү Рустам Токтогулов тууралуу "ал Көкөмерен дарыясына ыргытылган" деген болжолдуу маалыматтар жарыяланган.

Ал эми 21-февралда Жумгалдагы элдик сот боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: