super.kg logo

Ош. 2010-жылдын Июнь окуясында майып болгон жоокер Жусупбек Акпаралы уулуна арналган марафон өткөрүлөт

 

30-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин катардагы жоокери, 2010-жылдын каргашалуу Июнь окуясында  жабыркаган Жусупбек Акпарали уулуна арналган марафон өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда ӨКМнын өкүлү Асан Абдрахманов билдирди.

Ал 2010-жылдын 11-июнунда Нариман айылында орун алган өзгөчө кырдаалды көзөмөлдөп турган. Түштүк борборун белгисиз 700дөй куралчан адамдар басып алып, талап-тоноп кетишкен. Куралсыз турган күзөттөгү жоокерлерди аёосуз ур-токмокко алып, мергенчилик мылтыктарынан ок чыгарышкан.

Натыйжада Жусупбектин өпкөсүнө, жүлүнүнө ок тийип, баш сөөгүнөн жаракат алып, оор абалда, эс-учун билбей 1 жылдан ашуун ооруканадан ооруканага жатып дарыланып, жыйынтыгында 1-топтогу майыптык чегерилген. Азыркы мезгилде Акпарали уулу Жусупбек өз алдынча баса албай калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: