Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталган
Жарандык коргонуунун өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 18 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Ысык-Көлдө 3, Талас облусунда 2, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт катталган.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айыл аймагына караштуу Жыргалаң суусунун жээгинде куураган чөп, чычырканак бадалдары күйгөн. Өрттү өчүрүүгө жергиликтүү калктан 75 киши тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:20
2025-07-26
20:13
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.