super.kg logo

“Бийликтегилер бизге жолукпаса, Ак үйдүн алдына боз үй тигип, эч жакка кетпейбиз” дейт Жумгалдагы элдик сот боюнча акциянын катышуучусу

 
Жумгалдагы элдик сот боюнча СИЗОдо отургандардын биринин аялы Дамира Садырбаева
Пикеттин катышуучулары

Бүгүн, 20-майда Ак үйдүн жанында Жумгалдагы "Кара-Кече" кенинде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин 20 чакты тууганы жана жердештери нааразылык акциясына чыгышты. Иш-чаранын катышуучусу, Жумгалдагы элдик сот боюнча СИЗОдо отурган жарандардын биринин аялы Дамира Садырбаеванын айтымында, алардын талаптары төмөнкүдөй:

- 2014-жылдын 20-февралында Жумгал райондук сотунда болгон жаңжал боюнча тергөө амалдарын Нарын ОИИБи эмес, УКМК же Башкы прокуратура жүргүзсүн; 

- Ошол сот боюнча күнөөсүз кармалгандар бошотулсун; 

- КРнын ИИМинин системинде болгон коррупцияны, кландашууну жана трайбализмди жок кылуу.

“Эгер бийликтегилер бизге чыгып жолукпаса, талаптарыбызга көңүл бурбаса, Ак үйдүн жанына боз үй тигип, эч жакка кетпейбиз”,- деди Садырбаева.

Эске салсак, Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары 20-февралда болгон сот отурумунда жаңжал чыгарышкан. Анда айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерин көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр ыргытылып, залда өрт чыккан. Натыйжада бир милиция кызматкери катуу сабалып, күйүк алган. Экинчисин милиция кызматкерлери аман алып калышкан. Үчүнчүсү Рустам Токтогулов тууралуу "ал Көкөмерен дарыясына ыргытылган" деген болжолдуу маалыматтар жарыяланган.

Ал эми 21-февралда Жумгалдагы элдик сот боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. 






Жумгалдагы элдик сот боюнча митинг

Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
SUPER.KG видео
22.05.2014. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элдин созун азыркы бийлик укпай калдыгооо.азыркы бийлике кандай жана кандай мамиле кылыш керек экенин тушунбой эле калдык.
SUPER.KG видео
31.05.2014. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кыласыздар боз тигип ак уйдун астында отурабыз дегениздер жакшы пикир!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: