super.kg logo

Ош. "Жылдын мыкты мугалими-2014" сынагынын финалдык айлампасы өтүп жатат 

 
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов
№18-мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Мелисбек Мырзаматов

Бүгүн, 20-майда Ош улуттук драма театрында “Жылдын мыкты мугалими-2014” сынагынын финалдык айлампасы өтүп жатат.

Анда Ош шаарындагы мектеп мугалимдеринин арасынан суурулуп чыккан 8 катышуучу ат салышууда.   Жыйынтыгында жеңүүчүгө автоунаа тапшырыларын Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов билдирди. Журналисттердин рундар алдын ала сатылып кеткен жокпу?" деген суроосуна ал: “Балким, буга чейин орундар сатылып келгендир. Бирок биз калыстарды алдын ала тандабай, бүгүн эртең менен мугалимдин мыкты жактарын баалай билген өкүлдөргө чалып, калыстык кылып берүүлөрүн сурандык. Бул да болсо ачык-айкын өткөрүүнүн бир жолу”,- деди Кимсанов.

Ал эми катышуучу мугалимдер өз кесиби боюнча көргөзмө тартуулашып, калыстардын жана көрүүчүлөрдүн сынына коюшту.

Ошондой эле үч баскычтан тең биринчиликти алып келе жаткан №18-мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Мелисбек Мырзаматов буларга токтолду: “Жалпы жыйынтык боюнча биринчиликте келе жатам. Бүгүнкү сынакта да ийгиликке жетем деген ишеничтемин. Албетте, мугалим катары такшалуу максатында, өзүбүздү өнүктүрүү үчүн ушул сынакка катышканбыз. Менин жеке максатым - жеңиштен да бийик турган кыргыз жерине керектүү мугалим болуу”.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Ильич Эргешов жана бир катар мектептердин жетекчилери катышууда.

Эске салсак, жалпы 25 мугалим катышып, алардын 8и финалга жолдомо алышкан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: