super.kg logo

Бишкекте өткөн “Жүрөктөн жүрөккө” акциясында карыялар өз колдору менен жасаган буюмдарын сатыкка коюшту (фоторепортаж)

 
“Жүрөктөн жүрөккө” акциясында Балдарды коргоо борборунун жеткинчектери чыгыш бийин тартуулашты.
Акцияга келген карыялар үчүн шахмат оюну уюштурулду.
Оюнга 8 адам катышып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Акциянын жүрүшүндө бул апа үн созуп, жагымдуу ырды аткарды.
Бул апалар да өз чыгармачылыгы менен тааныштырып, 3-4 ыр аткарып беришти.
Апалар да өз чыгармачылыгы менен тааныштырып, 3-4 ыр аткарып беришти.
Акцияга келген коноктор кол чаап гана чектелбей, кошулуп ырдап да жатышты.
Акцияда сатыкка коюлган буюмдар.
Акциянын катышуучусу.
Акциянын катышуучулары.
Акцияда сатыкка коюлган буюмдар.
Акциянын катышуучусу.
Карыялар өз колдору менен жасаган жылуу чокойлор.
Баштыктардын баасы базардын баасына караганда бир топ арзан экени маалым болду.
Кыздардын кооз көйнөктөрү...
Иш күн болгондуктан, кардарлардын саны аз болду. Буга карыялар нааразы болгондорун жашырышкан жок.
Иш-чарада сатылган кийимдер.
Акцияда кийим-кече гана эмес, жашылча- жемиштер жана жумурткалар да сатылды.
Иш-чаранын жүрүшүнөн...
Иш күн болгондуктан, кардарлардын саны аз болду.
Иш-чаранын жүрүшүнөн...
Кичинекей балдардын түркүн түстүү чокойлору...
Акцияда сатыкка коюлган сувенирлер топтому.
Акцияда сатыкка коюлган сувенирлер топтому.
Бул куурчактар жөн гана кооз сувенир эмес, кутучанын да ролун аткарары таң калуу жаратат.
Боз үйдүн формасында жасалган кутуча.
Иш-чарада сатылган буюмдар.
Иш-чарада сатыкка коюлган буюмдар.
Иш-чарада сатыкка коюлган буюмдар.
Карыялар жасаган мончоктор.
Иш-чарада сатыкка коюлган буюмдар.
Иш-чарада жаздыкчалардын түрлөрү сатылды.
Иш-чарада жаздыкчалардын түрлөрү сатылды.
Акцияда сатыкка коюлган сувенирлер.
Бул таш бакалар коллекциясы "Үй-бүлө" деп аталат. Анда атасы, апасы жана баласы бар.
"Мен бул акцияга 2006-жылдан бери катышып келатам. Өзүм жаш кезимден бери эле кол өнөрчүлүк менен алектенем",- дейт Чүй облусунан келген Гүлжамал Мукамбетова.
Бул роза калем сап бир гана жазганга жарабастан, көңүлдү көтөргөнгө да жарайт экен.
Акцияда сатыкка коюлган кичинекей шырдак жана үй тиричилигине керектелүүчү каражаттар.
Акциянын катышуучусу.
Акцияга келген кардар.
Акциянын катышуучусу.
КРнын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Куйкеев коомчулукту карыларга көңүл бурууга чакырды.

Бишкекте бүгүн, 20-майда жыл сайын өтүүчү “Жүрөктөн жүрөккө” деген аталышта улгайган адамдардын буюмдарынын жарманкеси болуп өтүү.

Социалдык жарманкеге Чүй жана Ысык-Көл облустарынын өздөрүнө өздөрү жардам берүүчү тайпаларынын өкүлдөрү, жалпысынан 60ка жакын адам катышууда. Алар өздөрүнүн колунан чыккан буюмдарын жана ар кандай күнүмдүк жашоого керектелүүчү каражаттарды сатыкка чыгарышты.

Жарманкеде кийизден жасалган буюмдар, токулган кийим-кечелер, оюнчуктар, балдардын чыптамалары, чоң жана кичинекейлерге арналган топулар, жүн байпактар, кооздолгон жаздыкчалар жана ушул сыяктуу көптөгөн буюмдар сатыкка коюлган. Ошондой эле тамак-аш, жумуртка жана үйдө өстүрүлгөн жашылчалар сатылууда.

"Биздин акция 2005-жылдан бери өтүп келет. Кыргызстандын калкынын жалпы санынын 10 пайызын картаңдар түзөт. “Жүрөктөн жүрөккө” акциясынын негизги максаты - коомчулуктун көңүлүн буруп жана алардан колдоо табуу. Биздин улгайган жарандарыбыз татыктуу пенсия гана албастан, татыктуу камкордукка ээ болушу зарыл. Алар биздин арабызда экенин унутпашыбыз керек. Уюштурулган акцияга 50гө жакын өздөрүнө өзү жардам берүүчү тайпа катышууда. Ал бир тайпада 10-15ге жакын адам эмгектенет",- дейт уюштуруучулардын бири Игорь Литвинов.

Аталган акция жылына 2 ирет өтөт. Экинчиси Карыялар күнүн утурлай 1-октябрда өтөт. Бүгүнкү акциянын катышуучулары келген конокторго чакан концерт жана шахмат оюнун уюштурушту.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 550 миңден ашуун улгайган жаран жашайт. Аларды коргоо жана камкордук көрүү максатында бир катар мыйзамдар да бар. Биздин тармакта 1900гө жакын жаран социалдык жөлөк пул алууда. Социалдык жөлөк пулдун эң азы 2399 сомду түзөт. Андан сырткары 14кө жакын карылар үйү иш алып барат. Бүгүнкү күндө биздин карыяларыбыздын позициясы төмөн пенсиясына карабастан, активдүү жана алар жөн гана отура бербестен, дайыма изденүүнүн үстүндө",- дейт КРнын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Күйкеев.

Ошондой эле министрдин орун басары жарандарды аталган акцияны колдоого чакырды.

“Жүрөктөн жүрөккө” акциясы “Бабушка Эдопшн”, Балдарды коргоо борбору, Карыялардын ресурстук борбору коомдук мекемелерин камтыган эл аралык “ЭйджНэт Интернэшнл” картаюуну жана карыларды изилдөө эл аралык уюмунун демилгеси менен өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: