super.kg logo

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйлөрдүн эскилиги жеткен чатырларын алмаштыруу маселелери каралды

 

Жалал-Абаддын Достук аймактык башкаруусунда апта сайын өтүүүчү жыйын орун алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ага аймактык башкарууга тийиштүү кызматкерлер катышты. Анда шаар аймагындагы тазалыкты сактоо, ишембиликтерди байма-бай өткөрүү, көп кабаттуу үйлөрдүн эскилиги жеткен чатырларын алмаштыруу жана кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери каралды.

Достук аймактык башкаруусунун жооптуу катчысы Маданбек Адыкуловдун айтымында, биринчи маселе шаар көчөлөрүн иретке келтирүү болуп эсептелет.

«Учурда кылмыштуулукка каршы күрөшүү максатында аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте иштеп жатабыз»,- деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: