super.kg logo

Бишкекте 5 ай аралыгында диний-чагымчыл уюмдун 12 мүчөсү кармалды

 
5 ай аралыгында Бишкек шаардык ИИББинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан диний-экстремисттик уюмдардын 12 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 20-майда аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалгандардан диний-экстремисттик мүнөздөгү китеп, барак, дептер, дисктер, күндөлүк, блокнот, компьютердик процессор, китепче, флеш-карта сыяктуу тыюу салынган 400гө жакын окуу материалдары табылган.

Ошондой эле “Хизбут-Тахрир” уюмунун идеясын жайылтуу боюнча 11 факты ачыкка чыккан. Алардын 6 фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, 5 факты диний экспертизага берилген. Мындан сырткары 2014-жылдын 4 айы боюнча жасалган ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын аймагында 2 чагымчылдык уюм белгилүү болгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: