super.kg logo

Нарында тамакка ууланып ооруканага түшкөн 32 жарандын 15и ооруканадан чыгарылды

 
Нарын районунун Куланак айылында тамакка ууланып ооруканага жаткырылган 32 тургундун 15инин абалы жакшы болгону байкалып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү текшерүүлөрдөн улам уулануу тамак-ашка кошулган майонезден эмес, эт тарткан адамдан же малдагы сальмонеллёз инфекциясынан улам болгон. 

Эске салсак, Нарын районунун Учкун айыл аймагындагы Куланак айылында 13-майда ата-энесине куран окуткан Орозбек Исаковдун үйүнө 50гө жакын адам чакырылган. Анын ичинен 32си өзүн начар сезгендиктен, "ууланды" деп ооруканага жаткырылган.

“Чакырылгандарга муздак эт тартышкан. Аталган инфекция эт тартып жаткан же бузуп жаткан жаранда, же болбосо мал жандыкта болгон. Азыр ооруканага түшкөн жарандардын абалдары жакшы”,- деп белгилешет министрликтен. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: