Президенттин иш башкармалыгы Баатыр эне жана Эне даңкы төш белгилерин жасатууга 30 миллион сомдон ашуун каражат бөлдү
Президенттин иш башкармалыгы төш белгилерге 30 миллион сомдон ашуун каражат жумшоого даяр. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар боюнча расмий сайтта жайгашкан.
Маалыматка ылайык, Баатыр эне жана Эне даңкы төш белгилерине республикалык бюджеттен 30 миллион 366,800 сом бөлүндү. Президенттин иш башкармалыгы Эне даңкы төш белгисинен 1368 даана жана Баатыр эне төш белгисинен 9092 даана жасоого тендер жарыялоодо.
Тендердин жеңүүчүсү 6 ай аралыгында ар бир ай сайын 500дөй төш белги тапшырып турушу керек. Аталган тендер 10-июнь күнү өткөрүлмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.