super.kg logo

Бишкекте бейтаптын курсагынын булчуңу менен теринин ортосунда пайда болгон 12 килограммдык салмактагы май алынды

 
Бишкектеги №1-шаардык клиникалык ооруканада бир бейтаптын чуркусу жана курсагынын булчуңу менен теринин ортосунда пайда болгон 12 килограммдык салмактагы май алынды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда аталган оорукананын профессору Акылбек Мусаев билдирди. 

“Ооруканабызга “курсагымдын көлөмү акыркы 4 жылдан бери чоңоюп эле келе жатат, азыр ылдый боло албай кыйналчу болдум” деп бир бейтап аял кайрылган. Бейтапты тиешелүү кароодон өткөргөндөн кийин ага операция жасалып, анын чуркусу жана курсагынын булчуңу менен теринин ортосунда пайда болгон 12 килограммдык салмактагы май алынды”,- дейт А.Мусаев.

Дарыгердин айтымында, бейтап бир гана ылдый боло албай кыйналбастан, курсагы салаңдап калгандыктан улам ал дайыма тердеп, жагымсыз жыттар пайда боло баштаган. Андан сырткары дайыма тердеп турган салаңдаган курсактын асты жара болуп кеткен.

Бейтап операциядан бир жумадан кийин үйүнө чыгарылган.

"Мындан 15 жыл мурун бир бейтаптын ичинен салмагы 40 килограммды түзгөн май алынган. Ал баса албай, ордунан кыймылдай албай калган болчу”,- деп кошумчалайт профессор.

  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
21.05.2014. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул май эмнеден улам пайда болот.
21.05.2014. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Врачтын колу дарт көрбөсүн ылайым.Бейтап аял жеңилдеп жыргап эле калгандыр.Кайра май басып кайталанбаса экен.
22.05.2014. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамак коп жесе пайда болот да. Эгер тамагын тартпаса май кайра эле пайда болот.
22.05.2014. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыма диетада журуш керек эми. Болбосо кайра май басып кетпесин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: