super.kg logo

Социалдык өнүгүү министрлиги: Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар 6 санаторийдин биринде эс ала алышат

 

Социалдык өнүгүү министрлиги пансионаттар арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга санаторийлерге жолдомо боюнча тендер өткөрдү. Бул тууралуу 21-майда министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тендердин жыйынтыгы менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Ысык-Ата”, “Жалал-Абад”, “Кыргызстан”, Мамакеев атындагы профилактикалык санаторий жана “Жети-Өгүз” санаторийлеринин бирине жолдомо ала алышат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар аталган санаторийлерге 5 жылда бир жолу барууга укуктуу.

1-топко караштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өздөрү бекер жана аны караган адам 50 пайыздык арзандатуу менен бара алат.

2-топко караштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар 50 пайыздык арзандатуу менен бара алышат.

3-топко караштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар 30 пайыздык арзандатуу менен бара алышат.

“Жеңилдетилген жолдомо алуу үчүн дарыгердин көрсөтмөсү жана өз арызы менен тиешелүү Социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуусу керек” деп кошумчалайт министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: