super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын Корея Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы карызына байланышкан мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды  

 
Жогорку Кеңеште бүгүн, 21-майда кыргыз өкмөтү менен Корея Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы "Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо" долбоору боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды. Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, 1998-жылы “Кыргызтелеком” ишканасын жаңылоо үчүн 15,4 миллион доллар насыя алынган. Азыр кыргыз тарап жылына 1,1 миллион доллар өлчөмүндө насыянын негизги суммасын төлөөдө. Ошондон улам төлөм көлөмүн азайтуу максатында корей тарап менен келишимдин мөөнөтүн 2045-жылга чейин узартып, жылына 300 миң доллар каражат төлөп туруу жагы каралууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: