super.kg logo

"Электр станциялары" ишканасы: "Тажикстандан электр энергияны сатып алуу боюнча келишим түзүлдү"

 

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүн үнөмдөш үчүн “Электр станциялары” ишканасы Тажикстандан 600 миллион киловатт-саатка чейин электр энергияны импорттойт. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, электр энергияны сатып алуу боюнча чечим Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу чыгарылды. 2014-жылдын 14-майында Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында “Электр станциялары” жана “Барки точик” (Тажикстан) ишканалары Кыргызстанга 600 миллион киловатт-саатка чейин электр энергиясын сатып алуу боюнча келишимге кол коюшту. Келишимге ылайык, 1 киловатт-сааттын баасы 2 центке барабар болот. 2014-жылдын май-сентябрь айларынын аралыгында 600 миллион киловатт-саатка чейин электр энергиясы берилет.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү, 21-майда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 миллиард 118 миллион куб метрге барабар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
21.05.2014. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озубуздо ГЭСтер туруп а? ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 21.05.2014 17:03
21.05.2014. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mosya - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыз!
21.05.2014. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
'мне дейт озубуздо ГЭСтер туруп тактердин светине кунубуз туштубу, Онгобур бу бийлик эмнелерди кылып жатат. Сууну сезонунда сатып тажиктерден свет сатып алганы калганго. Сууну майдан сентябрга чейин чогултса болот. Бакиев заманы жамандап келишкен Оздору Бакиевтен ашып кеттиго
21.05.2014. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзбекстанга жашыруун сатылып жаткан сууну токтотсо эле болду!!! Кышында 15млд куб кантип эле 9 млд куб болуп калсын. Бул канкорлор дагы эмнени каалап жатат???
22.05.2014. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суу бизде кудайга шугур эле.Бул бийликтегилердин оз кызыкчылыктарын пайдалануунун бирден бир жолу деп ойлойм.Озбектерге сууну бербей койсо болот эле го. Алар газды кандай бербей койду. Биздин бийлик деле чукул арада мамлекетти ондоп ийерине козум жетпейт.Качан биздин атка минерлер элдин кызыкчылыгын биринчи койгондо анан жылыш болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: