super.kg logo

Кыргызстандыктар эл аралык компьютердик стандарттардын сабаттуулугу боюнча укукка ээ боло алышат

 

Кыргызстандыктар эл аралык деңгээлде 148 өлкөдө таанылган International Computer Driving License (ICDL) компьютердик стандарттардын сабаттуулугу боюнча укукка ээ боло алышат. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен билдиришти.  

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын №16-лицейинде эртең International Computer Driving License (ICDL) компьютердик стандарттардын сабаттуулук боюнча тестирлөө борборунун ачылыш аземи өтмөкчү. 

“Компьютердик сабаттуулук боюнча сертификат жумушка орношууда артыкчылыкка ээ боло алат. Ошондой эле эл аралык программаларга катышууга бир катар жеңилдиктерге өбөлгө боло алат”,- деп билдирет басма сөз кызматынан.  

Маалыматка ылайык, аталган тестирлөөдөн мектеп окуучулары, студенттер жана ар кайсы багыттагы адистер өтө алышат. Тест онлайн режиминде тапшырылат. Ошондой эле тесттен өтүүнү каалагандар тиешелүү даярдыктардан да өтө алышат.

Кесипкөй техникалык билим алуу жаатында “GIZ” программанын колдоосу менен аймактарда эл аралык талапка ээ болгон жабдуулар менен камсыздалган 10го жакын тестирлөө борборлору иш алып барууда.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.05.2014. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кабар,оркундой бер осо бер оз тагдырын колунда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: