super.kg logo

Эне болууга эң ыңгайлуу өлкө деп Финляндия табылды, Кыргызстан дүйнөлүк рейтингдин 108-орунунда

 

“Save the Children” Эл аралык гуманитардык уюмунун “State of the world’s mothers” (кайсы өлкө эне болууга ыңгайлуу) жыл сайын чыгуучу баяндоосунда Кыргызстан 178 өлкөнүн ичинен 108-орунду ээледи. Бул тууралуу өткөн аптада чет элдик басылмалар жазып чыгышты.  

“Forbes” басылмасы билдиргендей, аталган тизмени түзүүдө 5 фактор эске алынган: энелердин төрөттөн болгон өлүмүнүн көрсөткүчү, 5 жашка чейинки балдардын өлүмүнүн саны, билим берүү деңгээли, улуттун дүң кирешеси жана өлкө аймагындагы аялдардын саясаттагы болгон катышуусу.

Аталган изилдөөлөр 178 мамлекетте жүргүзүлүп, рейтингди түзүүдө 2010, 2014-жыл аралыктарындагы маалыматтар талданып, колдонулду.  

Талдоонун негизинде эне болууга эң жакшы шарттар жана көрсөткүчтөр Финляндияда экени аныкталды. 2-орунга Норвегия, ал эми 3-орунга Швеция татыды.

Ошондой эле эне болууга жакшы шарт түзүлгөн өлкөлөрдүн катарына Голландия, Исландия, Дания, Германия, Австралия жана Бельгия өлкөсү кирди. Коомчулукка аталган өлкөлөрдөгү жалпы көрсөткүчтөр жогорку деңгээлде экени маалым.

Франция 20-орунду ээлесе, Улуу Британия 26-орунга, АКШ 31-орунга татыды.

Эксперттердин чечими менен Орусия 62-орунга, Казакстан 63-орунга, Түркмөнстан 82-орунга, Кыргызстан 108-орунга, Өзбекстан 111-орунга, Тажикстан 134-орунга, Украина 72-орунга татыды. Ал эми рейтингдин алдынкы орундарында Беларусь жана Улуу Британия 26-орунга татыды. Эне болууга шарттары эң эле начар деп Сомали өлкөсү аталып, 178-орунду ээледи.

Орусия аймагы боюнча төрөттөн каза тапкан энелердин санына көз жүгүртсөк, 2010-жылы 2000 аялдын ичинен 1 гана аял каза болгон. Ал эми 2012-жылы 5 жашка чейинки балдар арасында чарчап калгандардын саны 1000 баланын ичинен 10ду түзгөн.

Ал эми АКШда 2400 аялдын ичинен бир эне төрөттөн каза тапса, Украинада да 2200 аялдын ичинен бирөө көз жумган.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: