22-майда Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең, 22-майда Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы
убактылуу үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда “Түндүк электр”
ишканасынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин чектелген көчөлөрдүн төрт чарчысы, Лев Толстой, Жаш Гвардия, Калык Акиев, Бөкөнбаев, Камская көчөсүндөгү №2, 4, 6-көп кабаттуу үйлөрдө, Ибраимов көчөсүндөгү №57-көп кабаттуу үйдө, Москва көчөсүндөгү №54, 56, 58-үйлөрдө, Ак-Өргөө конушундагы Саринжи-Бөкөй көчөсүндө, №367, 596, 679, 1510-көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Ошондой эле саат 09:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районундагы 44 ГА конушунда жогорку чыңалуудагы “Туңгуч” көмөк чордонунан тараган 10 кВт аба электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.