Кыргызстан курама команда футбол боюнча АФКнын Чакырык Кубогунда экинчи беттешин уттурду
Кечээ, 21-майда футбол боюнча Кыргызстан курама командасы АФКнын Чакырык Кубогунун тайпалык баскычында Мальдив аралдарынын курамы менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңилүүгө дуушар болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, бул жеңилүү менен Кыргызстан курама командасы тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Көңүл жубатуучу оюнду футболчуларыбыз 23-майда Мьянма курама командасына каршы өткөрөт.
Эске салсак, 8 команда катышып жаткан бул мелдештин жеңүүчүсү 2015-жылы Австралияда өтүүчү Азия чемпиондугуна жолдомо алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/article/?article=16915