Жалал-Абадда ВИЧ илдети менен 559 адам катталган
Жалал-Абад облусунда ВИЧке кабылгандардын саны 559 адамды
түзөт. Ал эми 2014-жылдын алгачкы 4 ай аралыгында аталган илдетке 17 адам чалдыккан. Бул тууралуу Саламаттыкты
сактоо министрлигинен билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, ВИЧ илдетине кабылган 17 адамдын ичинен 9у эркек, ал эми 8и аял кишилер.
Ошондой эле облус боюнча медициналык кароодон 942 кош бойлуу аял өтүп, анын ичинен экөө ВИЧ илдетине кабылганы аныкталган.
Ал эми облустагы эпидемиологиялык абал боюнча ВИЧ илдетинин таркалышы 2011-жылдарга чейин баңгизат колдонгон жарандар арасында көп катталып келген. 2012-жылдан бери кош бойлуу аялдар арасында, мигранттарда көп каттала баштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.