super.kg logo
  Саясат  

Баткен. Баткендиктер губернаторлукка Айбалаевди кайра алып келүүнү талап кылышууда

 

Бүгүн, 10-январда саат 12:00дөр чамасында Баткен облустук администрациясынын имаратынын жанында Өзбекстан менен чек аралаш жерде жайгашкан айылдардын тургундары жана Бөжөй айылында тууган- туушкандары бар элдер чогулуп губернатор менен жолугууну талап кылышты. Бишкектен "Ата Журт" фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров келип, облустук администрациянын жыйындар залында 200дөн ашуун эл менен жолукту. Жолугушууда келген элдер өздөрүнүн талаптарын айтышты. Алар Бөжөй айылына Айдаркен шаарчасы аркылуу 14 чакырымды түзгөн жолду куруп бергиле деген талап коюшту. “Эгер биздин талаптарды аткарууга бийликтин күчү жетпей  турган болсо, анда маселени өзүбүз чечип алабыз. Бизге Айбалаев керек, ошол гана элди коргой алат. Ал Баткен облусунун губернатору болуп турган мезгилде мындай чыр-чатак чыкмак түгүл, ага өзбек чек арасында турган чек арачылар “честь” беришчү. Ал эми азыркы губернаторлорду жолдон өткөрбөй кайтарышат",- деп билдирди чогулуштун катышуучуларынын бири Пайзилла Калилов. Эске салса кетсек, М.Айбалаев 1999-2003-жылдары Баткен облусунун губернатору болуп эмгектенген. Азыркы учурда Баткенде абал тынч деген менен, чек арага жакын жайгашкан айылдарда элдер топтолуп, жолдорду тосушууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: