Мыктыбек Абдылдаев “Жогорку Нарын ГЭС каскады Камбар-Ата ГЭСтеринин тагдырын кайталашы мүмкүн” дейт
Парламенттин 22-майдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Нарын ГЭС каскадында иштер ойдогудай жүрбөй жатканын айтты. Депутаттын билдиришинче, аталган долбоордун курулушуна 2013-жылы 1 миллиард рубль жумшалды.
“2014-жылга акча бөлүнө элек экен. Бул эки өлкө ортосундагы ири долбоор. Дагы эле акча бөлүнбөй жатса, анда кандай иш жүрөт? Долбоор убагында башталып, убагында бүтпөсө, Камбар-Ата ГЭСтеринин тагдыры кайталанышы мүмкүн. 10-15 жылдап кура албай жүрө беребиз”,- дейт Абдылдаев.
Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту талкууланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















